1941-жылы Бишкек шаарындагы А.Токомбаев атындагы №24 мектептин базасында II даражадагы Суворов орденинин Кызыл Туу Померан аткычтар дивизиясы жайгашкан. Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата бул мектептин аянтчасына 40-дивизияга арналган мемориалдык такта орнотулду. Тактаны орнотууга кыргыз-татар достук жана кызматташтык коомунун президенти Хабибулла Газизов үй-бүлөсү менен демөөрчүлүк кылды.

Бул салтанатка Россиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым элчисинин кеңешчиси Вадим Чекмазов, Өзбекстандын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым элчиси Комил Рашидов, Белоруссиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым элчисинин кеңешчиси Сергей Иванов, Кыргызстандын жана Россиянын Баатыры, космонавт Салижан Шарипов, 1-Май райондук администрациянын акими  Токтосун Султанов, согуш жана орук ардагерлери ж.б. катышты.

Россиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым элчисинин кеңешчиси Вадим Чекмазовдун айтымында, айрым мамлекеттерде “Улуу Жеңишти” жана экинчи дүйнөлүк согушта катышкандарды жаманатты кылууга аракет жасалып жатат.

  • Бул мамлекеттерде согуш кылмышкерлеринин кадырын көтөрүп, согушта каза болгон жоокерлердин көрүстөндөрүн, аларга арналган эстеликтерди кордоп, бузуп жатышат. Баатырларды эскерүү үчүн мемориалдык тактаны ачып жатканыңар абдан маанилүү, - деди элчинин кеңешчиси.

Салтанаттын дагы бир ардактуу коногу, Кыргызстандын биринчи космонавты Салижан Шарипов, кайсы бир мезгилде ааламдагы бардык адамдар тынчтыкта жана биргеликте жашашат деген үмүтүн билдириди.

  • Кыргызстан гүлдөп, өнүксүн. КМШ өлкөлөрүнүн арасындагы достук мындан да бекем болушун каалайм, - деди С.Шарипов.

№24 мектептин окуучулары конокторго концерттик программасын, ошондой эле салтка айланган солдат боткосун тартуулашты. Иш-чараны өткөрүүгө Кыргызстандагы “Жеңиштин мураскерлери” эл аралык кеңешинин өкүлчүлүгү каржылык жактан колдоо көрсөтүштү. 

 Калбүбү Менсеитова, Ленин райондук муниципалдык аймактык тарых музейинин директору, Бишкек шаарындагы согуштун, куралдуу күчтөрдүн,  укук коргоо органдарынын, оруктун ардагерлер кеңешинде шаардагы эстеликтерди коргоо боюнча   төрайымы,  КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, ардактуу ардагер:

  • Шаар ичиндеги көптөгөн мемориалдык такталарды кайрадан илдирип баштадык. Анткени согуш майданында жарадар болуп келген жоокерлерди эшалон менен ал кездеги Фрунзе шаарына алып келинген. Мисалы, №№4178, 292, 2018 деген, т.а. отузга жакын эвакуацияланган госпиталдар Кыргызстанга жөнөтүлүп, алардын ичинен  жыйырма беши Фрунзе шаарында, Кант районунда, Воронцовкада, азыркы резиденциянын ичинде ж.б.у.с. жерлерде жайгашкан. Андан тышкары ошол кездеги М.В.Фрунзе атындагы педагогикалык институттун (азыркы Ж.Баласагын атындагы КУУнун) базасында №4178 эң негизги чоң госпиталь жайгашып, кийин аны ар кайсы жерге бөлүп жиберишкен. Госпиталь болгон учурда окуп жаткан студенттер Караколго жиберилиптир.  Биз ошолордун баардыгын изилдеп чыктык. Кызыл-Кыяда, Жалал-Абаддын курортунда, Ош шаарында, Кара-Сууда дагы госпиталдар жайгашкан экен. Кийин поляктар да эвакуацияланып келген.

Бишкек шаарындагы Архитектура жана курулуш колледжинин базасында да учкучтардын госпиталы болуптур. Бул окуу жайда илинип турган такта жоголуп кеткен. Андыктан биз окуу жайдын директоруна кат менен кайрылып, алар өткөн жылы мемориалдык тактаны кайрадан жасап, тагышты. Улуу Жеңиштин 72 жылдыгына карата КУУга эвакуацияланган госпиталь жайгашкан деген тактаны 4-майда илдирдик. Мурдагы айыл чарба техникуму, азыркы тез жардам жайгашкан имаратта согуш мезгилинде онкология бейтапканасы болгон экен. Ал жерге да №4178 эвакуацияланган госпиталь жайгашыптыр. Бул имаратка дагы такта илдирттик. Тактаны илдирүүгө акча табыш кыйын экен. Тендерди 30000-50000  деп жарыяласа, эч ким келбей койду.  Тез жардамда иштеген кызматкерлердин каражатына такта 12-июлда илинди. И.Арабаев атындагы КМУнун базасында да  госпиталь жайгашкан. Үч жылдан бери  жетекчилеринин артынан жүрөм, жылда эле илебиз деп, эмдигиче илише элек. Тарыхты биз муундан муунга жеткиришибиз керек.

Ар бир госпиталда жаткан жарадар жоокерлерге ошол кездеги студенттер, окуучулар, Тимур командалары  келип, жардам беришкен. Үйлөрүнөн айран, сүт ташып, китеп окуп беришкен учурлары болгонун апам айтып берди эле. Жоокерлердин үйлөрүнө кат жазып да беришкенин унутпашыбыз керек. Буттарын, колдорун кестирген жоокерлер кийин Фрунзеде биротоло отурукташып калышкан. М.В.Фрунзе атындагы пединституттун окутуучулары, профессорлору келип, жоокерлерге сабак беришкен учурлары болуптур. Кийин алар билимине жараша иштеп калышкан.   

Быйылкы Улуу Жеңиштин 73 жылдыгына карата Бишкек шаарындагы А.Токомбаев атындагы №24 мектепте Померанск дивизиясына арналган мемориалдык такта орнотулду. Кыргыз-татар достук жана кызматташтык коомунун президенти Хабибулла Газизов үй-бүлөсү менен демөөрчүлүк кылды. Башка окуу жайларда илинген такталардан бул мемориалдык такта өзгөчө жасалгаланды, ачылышы дагы жогорку деңгээлде өттү. №24 мектептин директору Анара Абдураимова абдан тың, адамгерчилиги бийик инсан экенине күбө болдук. Ар бир класс ардагерлерге деп пакет даярдашыптыр. Концерттерин тартуулашты. Бизди гүл менен тосуп алып, гүл менен узатышты. Демек, бул мектепте таалим-тарбия жогорку деңгээлде экени тастыкталды.

 

 

Гулнара Алыбаева, “Кут Билим”